Башкы прокурор: Темировдун иши боюнча эки милиция кызматкери жоопко тартылды

 Башкы прокурор: Темировдун иши боюнча эки милиция кызматкери жоопко тартылды

Болот Темировдун иши боюнча эки милиция кызматкери жоопко тартылды. Бул тууралуу бүгүнкү маалымат жыйында башкы прокурор Курманкул Зулушев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Болот Темировдун наркологиядагы тасмасы жарыяланганы боюнча Ички иштер министрлигинин эки кызматкери жаза алды. Ал эми Болот Темировдун командасынын интимдик жашоосу тууралуу жарыяланган тасма боюнча учурда, Бишкек шаардык прокуратурасы иш алып барып жатат.

Милиция иликтөөчү журналист Болот Темировду жана аны менен иштешкен төкмө акын Болот Назаровду 23-январга караган түнү кармалган.

Ички иштер министри Улан Ниязбеков журналист Болот Темиров менен төкмө акын Болот Назаровго Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренесинин 1-бөлүгү боюнча кылмыш иши козголгонун (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү, маңзатты мыйзамсыз даярдоо) билдирген.

Жанылыктар