Башкы прокуратура президент Садыр Жапаровду суракка чакырды

Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурага суракка чакыртылды. Бул тууралуу маалыматты прокуратуранын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматка ылайык, президент 2010-жылдагы июнь окуясы боюнча күбө катары чакыртылган.
Буга чейин июнь окуясы боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага күбө катары сурак берип чыккан.