Башкы прокуратура: Ошто куурчак театрынын кызматкерлери мамлекетке бир миллион сом зыян келтирген

Сүрөт интернеттен алынды
Ош облустук прокуратурасы Н. Шамурзаев атындагы Ош облустук куурчак театрынын жооптуу кызматкерлерине кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен кылмыш ишин козгоду.
Башкы прокуротуранын басма сөз кызматынан билдиргендей, куурчак театры музыкалык жана чарбалык эмеректерди сатып алуу боюнча жүргүзүлгөн тендердин жыйынтыгы менен “О.М.Б.” жоопкерчилиги чектелген коому жеңүүчү деп табылып, ортодо жалпы суммасы 1 млн. 490,9 миң сомдук келишим түзүлгөн.
«Бирок текшерүүнүн жүрүшүндө облустук куурчак театрынын жооптуу кызматкерлери кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, тендерде көрсөтүлгөн керектүү музыкалык жана чарбалык эмеректердин баарын кабыл албай туруп аталган ЖЧКнын дарегине келишимдин толук суммасын, тактап айтканда 1 млн. 490,9 миң сомду мыйзамсыз которуп жиберишкендиги аныкталган»,- деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле түзүлгөн келишимдин негизинде театрга иш жүзүндө 399,7 миң сомдук музыкалык эмеректер гана келип түшкөндүгүнө карабастан, театрдын жетекчилиги жогорудагы кылмыштуу аракеттерин жашыруу максатында музыкалык жабдууларды жана башка чарбалык буюмдарды театрга толук кириштелгендиги жөнүндө жалган маалымат камтыган кабыл алуу актысын түзүшкөн. Натыйжада мамлекетке 1 млн. 91,2 миң сомдук материалдык зыян келтирилген.
Факты боюнча Ош областынын прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иш козголуп, тергөө жүргүзүлүүдө.