Башкы прокуратура “Кумтөрдү” текшере баштады

Башкы прокуратура Эсеп палатасынын текшерүүлөрүнүн негизинде “Кумтөр” ишканасын текшере баштады. Маалыматты башкы көзөмөл органдын басма сөз катчысы Сирожиддин Камалдинов ырастаган. Анын белгилешинче, текшерүү иштери 23-августтан тарта башталды. Кылмыш ишин козгоо же козгобоо маселеси текшерүүнүн жыйынтыгына жараша болот.
Министрлер кабинети “Кумтөр” компаниясынын ишинде чоң өзгөрүүлөр болгонун 23-августта кабарлаган. Маалыматта Эсеп палатасынын тийиштүү текшерүүлөрүнө байланыштуу “Кумтөр” компаниясын буга чейин жетектеп келген Тенгиз Бөлтүрүк жана ишкананын финансылык директору Рыспек Токтогулов ээлеген кызматынан четтетилгени айтылган. Текшерүүнүн жыйынтыгында финансылык мыйзам бузуулар болгону, күйүүчү-майлоочу майлар, тамак-аш, тетиктер жогорку баада сатылып алынганы аныкталган.
Өкмөттүн басма сөз кызматы Башкы прокуратура жалпы көзөмөл иретинде Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин, Ички иштер министрлигинин, Эсеп палатасынын кызматкерлерин тартуу менен текшерүү иштерин баштаганын билдирген.