Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевди күбө катары суракка чакырды

 Башкы прокуратура Камчыбек Ташиевди күбө катары суракка чакырды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Башкы прокуратурага сурак берет. Маалыматты башкы көзөмөл органынын басма сөз кызматы тастыктады.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал 2010-жылдагы июнь окуясына байланыштуу чакырылган.

Эске салсак, 2010-жылдын апрель окуяларынан кийин Ош жана Жалал-Абад облустарында улуттар аралык кагылышуу чыгып, 400дөн ашуун адам анын курмандыгы болгон. Ал учурда Ташиев 2010-жылы «Ата-Журт» партиясынын лидери болуп турган.

Жанылыктар