Башкы прокуратура бажы кызматындагы 170 млн сомдук коррупцияны аныктады

 Башкы прокуратура бажы кызматындагы 170 млн сомдук коррупцияны аныктады

Башкы прокуратура бажы кызматындагы 170 млн сомдон ашуун коррупциялык ишти аныктады. Бул тууралуу прокуратуранын басма сөз кызматынан билдирди. 

Маалыматка караганда, прокуротура ишкерлердин ишине мыйзамсыз кийлигишүү фактыларын аныктоо жана алдын алуу максатында республиканын аймагына алынып келинген транспорт каражаттарын бажылык жол-жоболоонун мыйзамдуулугу текшерүүгө алган.

“Прокурордук текшерүү учурунда, бажы органдарынын кызмат адамдары транспорт каражаттарын ташыган тараптар менен укукка жат туруктуу байланышта болушуп, материалдык каражат жана артыкчылыктарды табуу максатында, Евразия экономикалык биримдигинин мыйзамдарынын талаптарын бузуу менен 2019-жылы өлкө аймагына келген автобустарды төмөндөтүлгөн тарифтерди колдонуу менен мыйзамсыз каттоодон өткөрүшкөндүгү аныкталган”,- деп айтылат маалыматта.

Белгиленген мыйзамсыз аракеттерден улам республиканын бюджетине 170 млн. сомдон ашуун материалдык зыян келтирилгендиги аныкталган.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголду.

Кылмыш иши боюнча тергөө аракеттери Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар