Башкы прокуратура аскер кызматкерлеринин маянасын кымырган фактыны аныктады

 Башкы прокуратура аскер кызматкерлеринин маянасын кымырган  фактыны  аныктады
Аскер прокуратурасы тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө бюджеттик каражаттарды уурдоо фактыларын аныктоо жана токтотуу багытында иш чаралар жүргүзүлдү.
Текшерүүдө, Балыкчы шаарында жайгашкан Коргоо министрлигинин 20636 аскер бөлүгүндө кызмат адамдары финансалык документтерди жасалмалоо жолу менен аскер кызматчылардын маянасына арналган 900 миң сомдон ашык акча каражатын өз пайдаларына сиңирип алышкандыгы аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан  билдиришти.
Бул факт боюнча Аскер прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренеси (“Ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу”), 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 346-беренеси (“Кызматтык жасалмачылык”) менен кылмыш иши козголду.
Учурда  тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар