Башкы прокуратура: ӨКМдин Оштогу башкармалыгынын башчысы кармалды

 Башкы прокуратура: ӨКМдин Оштогу башкармалыгынын башчысы кармалды

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын башчысы “Ж.Ж.” кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди. 

Маалыматка ылайык, кармалган аткаминер бийликтен аша чабуу фактысы боюнча тергөөгө чейинки текшерүү материалдары боюнча оң чечим кабыл алууга көмөк көрсөтүү үчүн пара берип жаткан учурда кармалган.

Учурда шектүү Ош гарнизонунун гауптвахтасына киргизилди.

Тергөө жүргүзүлүүдө.

Жанылыктар