Башкы байге автоунаа. Ошто лицензиясы жок лотерея ойноткондор аныкталды

Тиешелүү лицензия албай туруп, Ош шаарынын жана Ош облусунун аймагында «Ош сила» аттуу профессионалдык лотерея ойноткондор аныкталды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.
Маалыматка караганда, К.у.К. жана Б.М.А. аттуу жарандар тиешелүү лицензиясын албай туруп, «Ош сила» аталышындагы профессионалдык лотереяны уюштургандыгы аныкталды. Бул факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 218-беренесинин 1-бөлүмү (Мыйзамсыз ишкердик кылуу) менен кылмыш иши козголгон.
“Өз кезегинде К.у.К. жана Б.М.А. лотереяга катышуу үчүн билеттерди саткан жана ал үчүн М-Банк тиркемеси аркылуу төлөм алган, ал эми лотереянын жүрүшү “YouTube” каналы аркылуу көрсөтүлгөн”,-деп айтылат маалыматта.
Уюштуруучулардын жашаган жерин тинтүү учурунда, лотерея ойноочу унаалардан лотерея барабандары, лотерея билеттери жана тергелип жаткан ишке тиешелүү башка буюмдар жана документтер алынган.
Учурда бул иш боюнча иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп жатканы кабарланды.