Башаламандык уюштурууга шектелгендердин баш коргоо чарасы каралат

 Башаламандык уюштурууга шектелгендердин баш коргоо чарасы каралат

Эртең, 9-ноябрда Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шеек саналып кармалгандардын баш коргоо чарасы каралат. Бул туурасында укук коргоочу Гүлгаакы Мамасалиева социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Мамасалиева бул окуяга кайдыгер карабагандарды сотко катышууга чакырып, кармалгандардын баш коргоо чарасы карала турган саатты белгилеген.

 1) Гулнара Журабаева – 09:00

2) Кенеш Дуйшебаев – 09: 00 жана 10: 00

3) Али Шабдан – 10:00

4) Атай Бейшенбек – 10: 30

5) Таалай Мадеминов – 11: 20

6) Айбек Бузурманкулов – 15:30

7) Клара Сооронкулова – 16:00

8) Кубанычбек Кадыров – 16:00

9) Нурлан Асанбеков – 16.40

10) Перизат Суранова – 17:00

Эске салсак, Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттердин бардыгы 20-декабрга чейин камакка алынган.

Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же СИЗО-1 деген аталыш менен жалпыга маалым болгон Бишкектеги №1 тергөө абагында камакта болот.

 

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар