Балдарга зомбулук көрсөткөндөргө жазаны күчөтүү сунушталууда

Бүгүнкү Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар балдарга карата зомбулук көрсөткөндөр үчүн жазаны күчөтүү керектигин сунушташты.
Депутат Ырысбек Атажанов Кыргызстандын мыйзамдарына өлүм жазасын киргизүүнү сунуштады.
Ал эми Эльвира Сурабалдиева кылмыштардын көбү сотко жетпей кыскарып жатканын белгиледи.
“Башкы прокуратура берген статистиканы карасак, зомбулук боюнча кылмыштардын 95 пайызы аялдар жана балдарга карата жасалган. Бирок, катталган кылмыштар боюнча кайра эле тосмо арыз жазылып, кылмышкерлер жазасын албай жатышат. Ошондуктан парламент реакция жасашыбыз керек”,- деди Сурабалдиева.
Мындан сырткары, бир катар депутаттар балдарга зордук-зомбулук көрсөткөндөргө жазаны катаалдаштыруу маселесин кароо керектигин айтышты.
Белгилесек, өлкөдө 2021-жылы балдарга карата 417 зордук-зомбулук катталган. Ушул жылдын алты айында кылмыштардын саны 400дөн ашты.
Кадамжай районунда 14 жаштагы кыздын мыкаачылык менен өлтүрүлүшү коомчулукта дагы талкуу жаратып, көпчүлүк жарандар кылмыштардын алдын алуу үчүн жазаны катаалдаштыруу керектигин айтышууда.