Бакытбек Жетигеновдун аскердик убагы. Сүрөттөр

Бүгүн, 23-февраль- Мекенди коргоочулардын күнү. Бул күнү Советтер Союзу доорунда Кызыл Армиянын күнү катары белгиленип келген. Бирок, өлкө эгемендик алгандан кийин Мекенди коргоочулардын күнү катары белгиленип, майрамдалып келет.
Биздин редакция Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов аскердик кызмат өтөп жүргөндөгү сүрөттөрүн жарыялайбыз.
Жетигенов 1984-1986-жылдары Орусиянын Смоленск шаарында аэродромдун инженердик батальонунда, аэродром куруучу мекемеде кызмат өтөгөн.