Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткарат

Парламенттеги «Ата Журт-Кыргызстан» фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Тийиштүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол коюп, кызматка талапкерлигин кароо үчүн Жогорку Кеңешке сунуштады.
Өлкө башчысынын дагы бир жарлыгы менен министрлер кабинетинин төрагасынын буга чейинки орун басары Азиз Аалиев кызматынан бошотулду. Жарлыкта анын бошоо себеби башка ишке өткөнүнө байланыштуу экени көрсөтүлгөн.