Бакыт Төрөбаев кызматка дайындалды

Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалды. Тийиштүү Жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ошондой эле ал мурда жүктөлгөн милдеттеринен бошотулду.
30-мартта Жогорку Кеңеште Төрөбаевдин талапкерлиги талкууланып, 68 депутат колдогон. Төрөбаев экономиканын реалдуу секторун көзөмөлдөйт.
Ал 2021-жылдан бери «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты, көпчүлүк коалициянын жетекчиси болуп турду
Баардык укуктары корголгон. oshtv.kg сайтында жайгаштырылган материалдар жеке тараптын колдонуусу үчүн гана. Сайттагы материалдарды колдонгонго, көчүргөнгө, жайгаштырганга жана жайылтууга макулдашуусуз уруксат берилбейт. Колдонулган материалдарга шилтеме сөзсүз болушу зарыл. ОшТВ телерадиокомпаниясы