Бактыбек Калмаматов 9-февралга чейин камалды

Бишкектин Биринчи май райондук сотунда оппозициялык саясатчы Бактыбек Калмаматовдун бөгөт чарасы каралып, 9-февралга чейин абакта калтыруу чечими чыкты.
Саясатчы, парламенттин мурдагы депутаты Бактыбек Калмаматовду Улуттук коопсуздук комитети “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен айыптап, 22-декабрда камакка алган.
Ал 22-декабрга караган түнү Сауд Арабиясына эки жумалык умра зыяратына баратканда “Манас” эл аралык аэропортунан кармалган.
Бактыбек Калмаматов ушул жылдын 11-январында өткөн президенттик шайлоого катышкан.
28-ноябрдагы парламенттик шайлоого “Азаттык” партиясынын тизмесинде талапкер болгон. Аталган партия 5% чектен өткөн эмес.