Бакиевдин мүлкүн мамлекеттин карамагынан чыгарган судьяларга иш козголду

 Бакиевдин мүлкүн мамлекеттин карамагынан чыгарган судьяларга иш козголду

УКМК Бакиев жана анын жакындарынын кыймылсыз мүлктөрүнө байланыштуу маселе боюнча иликтеп жатат. 

Маалыматта айтылгандай, 2010-жылы убактылуу өкмөттүн №43 декрети менен 10 гектар жер тилкеси улутташтырылып, Ысык-Көлдөгү “Ысык-Көл-Аврора” санаторийинин аймагында жайгашкан К.Бакиевдин үй-бүлө мүчөлөрүнө жана анын жакын чөйрөсүнө таандык 97 даана өлчөмүндөгү кыймылсыз мүлк объекттери мамлекеттин карамагына өткөн.

Бирок, кийин бул объектилер үч инстанциядагы соттор тарабынан мамлекеттин менчигинен чыгарылган. Жыйынтыгында мамлекетке суммасы 500 миллион сомдон ашык зыян келтирилген.

Башкы прокуратура тарабынан Жогорку соттун мурдагы төрагасы Д.Ф.З., Жогорку соттун төрагасынын мурдагы орун басары С.Э.Э., Жогорку соттун азыркы судьялары А.Н.М., О.К.Т. жана Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун экс-төрагасы К.К.Ж. карата Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин 2-бөлүмү (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүп жатат.

Мындан сырткары, К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн мурда улутташтырылган мүлктөрүн мамлекетке кайтаруу чаралары көрүлүүдө.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар