Садыр Жапаров: Бакиев мыйзам алдында жооп берет

 Садыр Жапаров: Бакиев мыйзам алдында жооп берет

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине мурдагы президенттер менен болгон жолугушуусу тууралуу маек курду.

Анын ичинде Курманбек Бакиев боюнча суроолорго жооп узатып, ал күнөөлөрү үчүн мыйзам чегинде жооп бере турганын айтты.

“Ооба, ал киши боюнча “соттолду” деген соттун чечими бар. 13 жылдан бери Беларуска биздин Башкы прокуратура “бизге өткөрүп бергиле” деп 4 жолу суроо-талап жөнөткөн экен. 4 жолу тең баш тартышкан.

Менин жолугушуум боюнча айтсам. Биздин Баш мыйзамыбыз эң жогорку мыйзам. Мыйзамдардын атасы. Баш мыйзамдын 66-беренесинин 2-пунктунда “Президент элдин жана мамлекеттик бийликтин биримдигин камсыз кылат” деп милдеттендирип турат. Мен милдетимди аткарып жатам. Ал эми жоопко тартылуусу боюнча болсо, ар бир адам Кудай алдында, тарых алдында, мыйзам алдында өзүнүн күнөөсү үчүн жооп берет”,-деп белгиледи мамлекет башчысы.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар