Бакай-Ата: Боо-Терек айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

 Бакай-Ата: Боо-Терек айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди

Талас облусунун Бакай-Ата районунун боо-терек айыл аймагында өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул тууралуу өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык,17-февралда аба-ырайынын жогорулашына байланыштуу саат 15:00 чамасында Талас облусунун, Бакай-Ата районунуе, Боо-Терек а/а Боо-Терек айылындагы жааган карлар ээрип арыктардан суулар ашып 17 турак үйлөрдүн короолорун каптаган.

Ошондой эле Шадыкан а/а Ынтымак айлынын тоо этегинен ээриген карлар 3 турак үйдүн короосун каптаган.

Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү максатында Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 6 куткаруучу Боо-Терек айылына, Бакай-Ата РМАнын башчысы-акимдин орун басары жана Бакай-Ата райондук №93 ӨКБдан 1 офицер Ынтымак айылына тартылган.

Суу капто коркунучу сакталып тургандыгына байланыштуу Бакай-Ата РМАнын башчысы-акимдин №Б-13/ж-1 буйругунун негизинде 17-февраль күнү Боо-Терек айыл аймагына “Өзгөчө кырдаал” режими киргизилген.

Жанылыктар