Байтик баатырдын 200 жылдыгы белгиленүүдө

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 31 жылдыгына жана Байтик баатырдын 200 жылдыгына арналган спорттук-маданий иш-чара тарыхый инсан жердеген Чункурчак жайлоосунда белгиленүүдө.
Бүгүн, 29-августта 17 мамлекеттен келген спортчулардын катышуусунда Салбурун боюнча эл аралык мелдеш башталды. Анын негизги максаты кыргыздын улуттук оюндарын жайылтуу жана эл аралык деңгээлге чыгаруу болуп саналат. Жалпысынан чет өлкөлүк 120 ал эми Кыргызстандан тандалган 100 спортчу келген. Алардын ичинде Ош шаары жана Ош облусунан келген 20 дан ашуун спортчу салбурун оюндарынын ар бир түрү боюнча катышууда.
Мелдештер спорттун тайган жарыш, бүркүт салуу, ителгини далбага агытуу, жаа атуу, ат үстүндө жаа атуу сыяктуу түрлөрү боюнча өтүп жатат. Ал эми салбурун оюндары боюнча мелдеш эки этапта өтөт.