Байсалов коррупцияга шектелип кармалган бажы кызматынын төрагасы боюнча пикирин айтты

 Байсалов коррупцияга шектелип кармалган бажы кызматынын төрагасы боюнча пикирин айтты

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов бүгүн, 19-январдагы Жогорку Кеңештин жыйынында коррупцияга шектелип кармалган бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков тууралуу суроолорго жооп берди. 

Байсаловдун айтымында, Кубанычбеков президент койгон пландардын баарын аткарган. Бирок мамлекеттин казынасына кол салган ким болбосун жоопко тартылат.

“Ал азыр шектелүүдө. Ал кишини күнөлүү деп азыр эч кимибиз айта албайбыз. Бажы кызматы президент койгон пландардын баарын аткарган. Ал эмес ашыкча аткарган. Оор экономикалык абалда чек араларыбыз жабылып турган шартта да аткарганы бул факт. Биз үчүн да таң калыштуу окуя болду. Бирок тергөө көрсөтөт. Бирок мен эстетип коюшум керек жаңы бийликтин азыркы саясаты кол тийбегистер жок. Ар бирибиз кандайдыр бир мыйзамды бузсак казынага кол салсак баарыбыз жооперчиликке тартылабыз”,- деди Байсалов.

Буга чейин бажы кызматынын төрагасы Адилет Кубанычбеков 17-январда коррупцияга шектелип кармалган. УКМКнын маалыматында, бажы кызматынын жетекчилиги товар импорттоого катышкан жеке компанияларды коргоп, жеңилдетилген шарттарды түзгөнү, бажылык тариздөө мыйзамын одоно бузганы, үзгүлтүксүз пара алып туруу үчүн товарларды жашыруу схемаларын колдонгону, жеке байлык топтоо максатында инвестор компаниялар көрсөткөн бажы кызматтарынын баасын негизсиз ашырганы аныкталган.

Жанылыктар