Байге фонду 1 млн сом. Көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты Таласта өтөт

 Байге фонду 1 млн сом. Көк бөрү боюнча өлкө чемпионаты Таласта өтөт

Жаштар жана чоңдор арасында көк бөрү боюнча өлкөнүн чемпионаты Талас облусунда өтөт. Бул туурасында Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматта айтылгандай, мелдеш 25-30-октябрь күндөрү Талас облусунун Райкан Алканов атындагы ат майданында болот. Чемпионатка республиканын бардык аймактарынан жана Бишкек, Ош шаарынан келген командалар катышат.

Чемпионаттын жалпы байге фонду 1 млн сомду түзөт.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар