Баасы 3 сомдон 5,5 сомго чейин. Ош облусунда көмүр сатуу пункттары уюштурулду

 Баасы 3 сомдон 5,5 сомго чейин. Ош облусунда көмүр сатуу пункттары уюштурулду

Ош облусунда арзан баада көмүр сатуу пункттары иштеп жатат. Бул тууралуу облустук аппараттын регионду комплекстүү өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Артурбек Кадыров ОшТВнын эфиринде билдирди.

Анын айтымында калкты туруктуу кара алтын менен камсыз кылуу үчүн облуста жалпы 53 пункт уюштурулду. Мында көмүрдүн килограммы 3 сомдон 5,5 сомго чейин сатылууда.

Райондор боюнча маалымат:

Алай районунда 12 пункт;

Араванда 7 пункт;

Кара-Суу району боюнча 8 пункт;

Ноокат районунда 13 пункт;

Өзгөндө 9 пункт;

Чоң-Алай районунда 4 пункт бар.

Кадыров облустук бийлик көмүрдүн баасы боюнча жеке ишкерлерге кийлигише албастыгын белгиледи. Учурда коммерциялык багыттагы жайларда көмүр 7 сомдун тегерегинде сатылып жатат.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар