Баасы 1 млн 880 миң сомдук жер тилке Баткен мэриясына кайтарылды

 Баасы 1 млн 880 миң сомдук жер тилке Баткен мэриясына кайтарылды

Баткен облустук прокуратурасы тарабынан  Жер кодексинин талаптарын бузуу фактысы аныктады. Бул тууралуу башкы прокуротурадан билдиришти. 

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Баткен шаарында жайгашкан 0,08 га жер тилкеси мыйзамсыз түзүлгөн келишимдин негизинде Б.А. аттуу жаранга жеке менчикке берилип кеткендиги такталган.

Облустук прокуратуранын сотко келтирген доо арызы менен 1 млн 880 миң сомдук жер тилке Баткен шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине кайтарылды.

Жанылыктар