Баңгизаттын ири партиясын түзөтүү абагына ыргыткан шектүүлөр кармалды

 Баңгизаттын ири партиясын түзөтүү абагына ыргыткан шектүүлөр кармалды

Баңгизаттын ири партиясын түзөтүү абагына ыргыткан шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка караганда, ушул жылдын 10-октябрь күнү белгисиз адамдар Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын №3  мекемесинин аймагына тыюу салынган буюмдарды ыргаткан.

“Баңгизат сырткы тосмо аркылуу ыргытылып, бирок көзөмөлдөөчү  тилкеге түшүп калган. Окуя болгон жерден скотч менен оролгон өзгөчө жыты бар кочкул-жашыл түстөгү эки таңгактагы зат табылган. Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, режимдик мекеменин аймагына алып өтүүгө аракет кылган заттар жалпы салмагы 2 килограмм 206 граммды түзгөн кара куурай чайыры (гашиш) болуп саналат”,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, баңгизатты ыргытууга тиешеси бар жарандар табылган. Жыйынтыгында Чүй облусунун 1994-жылы туулган тургуну А.уулу Т., анын шериги Чүй облусунун 1980-жылы  туулган тургуну М.Э. кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар