Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенген чет элдик жаран кармалды

УКМК издөөдө жүргөн чет мамлекеттин 1990-жылы туулган С.Х.А. аттуу жаранын кармады.
Маалыматта айтылгандай, ал уюшкан кылмыштуу топтун курамында баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип, оор кылмыш жасагандыгы үчүн чет мамлекеттин аймагында издөөдө жүргөн.
Учурда КР УКМК тарабынан зарыл болгон тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп жатканы айтылды.