Баңги зат сатууга мажбурлаган Талас ШИИБнын кызматкери кармалды

Талас шаардык ИИБнын экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы кызматынын улук тергөөчүсү, милициянын капитаны Н.у.У. баңги затын сатуу үчүн акча каражаттын бир бөлүгүн алып жаткан учурда. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Кылмышка шектүү УКМК менен ИИМ дин ички иликтөө кызматынын Кыргыз Республикасынын ИИМ системасындагы кылмыштарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө колго түшкөн.
Кармалган кызматкер белгилүү убакыт аралыгында баңги затын алып келип, кылмыш жоопкерчилигине тартуу коркунучу менен Талас шаарынын тургунун баңги зат сатууга мажбурлаган.
андан аркы үчүн Ал УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.