Орусия баңги кылмыштарына байланыштуу кыргызстандыктарга карата 327 иш козгоду

Орусияда 2021-жылы баңги кылмыштарын жасаган 224 кыргызстандыкка карата 327 кылмыш иши козголгон. Бул тууралуу Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен билдиришти.
Россия Федерациясынын укук коргоо органдары шектүүлөр тез жана оңой акча табуу максатында атайылап кылмыш жасап жатканын белгилешүүдө.
«Айрым учурларда кыргызстандыктар сабатсыздыктан улам кылмышка аралашкан учурлар да бар. Көбүнчө булар курьерлерде иштеген же социалдык түйүндөр аркылуу жүк ташуу кызматын көрсөткөн жарандар” деп айтылат билдирүүдө.
Дипломатиялык өкүлчүлүк баңгизаттарды тараткандык үчүн жаза иштин жагдайына жараша жана Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине ылайык 4 жылдан 20 жылга чейин эркинен ажыратуу каралганын эске салды. Элчилик баңгизат аны колдонгон жарандарды эле жок кылбастан, таратуучулардын да тагдырын талкалай тургандыгын эскертип, мындай көрүнүштөрдөн сак болууга чакырат.
.