Бүгүндөн тарта 300 миңден ашуун мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлөт

Бүгүн, 1-апрелден тарта 309 миң мамлекеттик кызматкердин айлыгы көтөрүлөт. Алар: мугалимдер, дарыгерлер, маданият кызматкерлери жана социалдык тейлөөнүн адистери. Бул тууралуу финансы министри Алмаз Бакетаев 24-мартта өкмөт үйүндө өткөн брифингде кабарлаган.
Айлыкты көтөрүү үчүн жалпы 26 млрд сом керектелет. Учурда каржы булагы такталууда.
Министрдин айтымында, айлыкты 50%дан баштап, 100%га чейин көтөрүү мүмкүнчүлүгү каралып жатат.
Билим берүү тармагынын кызматкерлеринин айлыгы 80% жогорулайт. Ошондо жаңы система менен эсептеп чыкканда, стажы жок, жаңы иштей баштаган мугалимдер колуна 20-21 миң сом алат. Бүгүнкү күндө мындай категориядагы мугалимдер 4-7 миң сомдун тегерегинде айлык алышат.
Баардык укуктары корголгон. oshtv.kg сайтында жайгаштырылган материалдар жеке тараптын колдонуусу үчүн гана. Сайттагы материалдарды колдонгонго, көчүргөнгө, жайгаштырганга жана жайылтууга макулдашуусуз уруксат берилбейт. Колдонулган материалдарга шилтеме сөзсүз болушу зарыл. ОшТВ телерадиокомпаниясы