Бүгүн ЖКнын VII чакырылышынын депутаттары ант берип, төраганы шайлашат

Бүгүн, 29-декабрда Жогорку Кеңештин VII чакырылышына шайланып келген депутаттардын ант берүү аземи өтөт. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле, төрага шайланат деп күтүлүүдө.
Парламенттин алгачкы сессиясын депутаттардын арасынан эң улуусу ачат. Ал “Ынтымак” партиясынан Шарапаткан Мажитова.
28-ноябрда өткөн паламенттик шайлоонун жыйынтыгын БШК 15-декабрда расмий билдирген. Жаңы шайлоо мыйзамына ылайык, Жогорку Кеңеште 90 депутат болот.
Парламентке бир мандаттуу 36 округдан 34 депутат, партиялык тизме менен 54 эл өкүлү шайланды. Ал эми, Бишкектеги бир мандаттуу Биринчи май жана Свердлов округдарында 27-февралга кайра шайлоо дайындалды.