Бүгүн Кыргызстан – КМШ ардагерлеринин футболдук беттеши өтөт

Бүгүн, 30-августта Кыргызстан менен КМШ өлкөлөрүнүн ардагерлеринин футболдук беттеши өтөт. Кыргызстандын курама командасынын катарында президент Садыр Жапаров да ойнойт.
Эгемендүүлүк майрамына карата уюштурулган футболдук беттеш Бишкек шаарындагы Д.Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт.
Иш-чара саат 18:00дө концерттик программа менен коштолуп, футболдук беттеш саат 20:00дө башталат.