ОшТВ телерадиокомпаниясы

Бүгүн Казакстанда улуттук аза күтүү күнү    

 Бүгүн Казакстанда улуттук аза күтүү күнү    

Бүгүн Казакстанда жалпы элдик аза күтүү күнү. Бул  өлкөнүн бир катар аймактарында болгон кайгылуу окуялардын натыйжасында көп сандаган адам курмандыктарына байланыштуу жарыяланды.

Белгилей кетсек, Казакстандагы тополоңдо 2200 адам жарадар болуп, 164 адам, анын ичинде эки жаш бала каза болду.

Казакстанда массалык нааразылык акциялары 2022-жылдын 2-январында башталган. Мангистау облусунун Жаңы-Өзөн жана Актау тургундары суюлтулган газдын кымбатташына каршы чыгышып, андан соң нааразылык акциялары башка аймактарга да жайылган. Өлкөнүн шаарларында абал акырындап турукташып, антитеррордук операция уланууда. Интернетке кирүү калыбына келтирилди.

Президент Касым-Жомарт Токаев республикага өзгөчө кырдаал киргизип, өкмөттү отставкага кетирип, Коопсуздук кеңешин жетектеди. Анын өтүнүчү менен ЖККУ өлкөлөрү Казакстанга бейпилдик күчтөрүн жөнөткөн. Ал жакка Кыргызстандан “Скорпион” атайын күчтөрү жөнөтүлгөн.

Жанылыктар