Бүгүн Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат

 Бүгүн Катарда футбол боюнча дүйнөлүк чемпионат башталат

Бүгүн, 20-ноябрда Катарда 2022-жылкы дүйнө чемпионаты старт алат. Ачылыш оюнунда  Катар менен Эквадор беттешет. Оюн Аль-Хаур шаарындагы Эль-Байт стадионунда өтүп, старт ышкырыгы Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө жаңырат.

Катар биринчилиги — араб дүйнөсүндө өтүп жаткан биринчи дүйнөлүк чемпионат. Турнир дээрлик бир айга созулат: финал 18-декабрда болот.

Турнирге 32 курама команда катышат. Финалдык баскычка чүчүкулак 2022-жылдын 1-апрелинде квалификациялык турнирдин аягында өттү. Командалар сегиз топко бөлүнгөн. Ар биринен эң мыкты эки команда плей-оффко чыгышат, анда турнирдин 1/8 финалынын баскычынан баштап ойношот. 2022-жылкы дүйнөлүк чемпионаттын жарым финалында утулган командалар үчүнчү орун үчүн беттеште өз ара ойнойт. Эл аралык футбол федерациясынын чечими менен Орусия курамасы турнирге катышпайт.

Белгилей кетсек, бул Катар менен Эквадордун биринчи жолугушуусу эмес. Буга чейин үч беттеш орун алган. Экөө 1996-жылы: тең чыгуу (1:1) жана эквадордуктардын жеңиши (2:1). Ал эми акыркы жолу командалар 2018-жылы беттешкен: беттеш таймашка айланып, ал катарлыктардын пайдасына аяктаган – 4:3.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар