Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медаль алды

 Азия чемпионатында Айпери Медет кызы алтын медаль алды

Айпери Медет кызы Бишкектеги 23 жашка чейинки кыз-келиндер арасында күрөш боюнча Азия чемпионатында алтын медаль утту.

Айпери Медет кызы 76 кг салмакта башында монголиялык Сарнай Баярбаатар менен килем үстүнө чыгып, эсеп Айперинин пайдасына 3:1 менен аяктады.

Экинчи атаандашы индиялык Бипаша аттуу спортчу болду. Айпери аны 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурда утуп алды. Үчүнчү кармашта өзбекстандык Озода Зарипбоева каршы чыгып, үч-төрт оодарып жеңишти илип кетти. Медет кызынын акыркы атаандашы казакстандык Инкара Жанатаева болду. Бул ирет дагы Айпери 12:0 ири эсепте алдыга озуп чыкты.

Мындан улам Айпери Медет кызы өзүнүн салмагындагы бардык атаандаштарын артта калтырып, алтын медалга ээ болду.

Жанылыктар