Азия чемпионаты: Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы 3-орунда баратат

 Азия чемпионаты:    Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы  3-орунда баратат

Грек-рим күрөшү боюнча Кыргызстандын курамасы Азия чемпионатында командалык үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайты билдирет.

Кыргызстандыктар үч алтын, үч күмүш медалга ээ болушту.

Биринчи орун Казакстандын командасына, экинчи орун Иранга таандык.

Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча мелдештер башталып, анда Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы күч сынашат.

Жанылыктар