Азия чемпионаты: Алгачкы беттеште Мээрим Жуманазарова жеңишке жетти

 Азия чемпионаты: Алгачкы беттеште Мээрим Жуманазарова жеңишке жетти

Улан-Батордо (Монголия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык Мээрим Жуманазарова биринчи беттеште жеңишке жетти. Мелдештин түз эфирин Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтынан көрүүгө болот.

68 килограммга чейинки салмак категориясында жети спортчу жарыяланды. Алар тайпаларга бөлүнүп, алардан эки кыз жарым финалга чыгат.

Мээрим Жуманазарова биринчи раундда Мадина Бакбергеновадан (Казакстан) күчтүү болуп, 5:0 эсебинде утту.

Экинчи турда кыргызстандык Сужин Парк (Корея) менен кез келет.

Айпери Медет кызы да бүгүн күрөшкө чыгат.

Жанылыктар