Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы да жарым финалга өттү

 Азия чемпионаты: Айпери Медет кызы да жарым финалга өттү

Кыргызстандык Айпери Медет кызы Улан-Батордо (Монголия) өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатында экинчи беттешин мөөнөтүнөн мурда жеңип алды. Мелдештин түз эфирин Бириккен күрөш дүйнөсүнүн сайтынан көрүүгө болот.

76 килограммга чейинки салмак категориясында алты спортчу жарыяланды. Алар тайпаларга бөлүнүп, алардан эки кыз жарым финалга чыгат.

Биринчи айлампада Айпери Медет кызы Юка Кагамини (Япония), экинчисинде Индиянын спортчусу.

Эске салсак, дагы бир кыргызстандык Мээрим Жуманазарова чемпионаттын жарым финалына чыккан.

Жанылыктар