Азия чемпионаты: Үзүр Жусупбеков жеңилүү ызасын тартып калды. Эми коло байге үчүн күрөшөт

 Азия чемпионаты:  Үзүр Жусупбеков жеңилүү ызасын тартып калды. Эми коло байге үчүн күрөшөт
Монголияда өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпиондугунда Үзүр Жусупбеков жарым финалга чыгып, анда жеңилүү ызасын тартып калды.

Жарым финалда кыргыз балбаны ирандык Мохаммед Балихамзехде аттуу балбан менен кез келип, 4:1 эсебинде жеңилип калды.

Беттештин акыркы 10 секундасында Үзүр Жусупбеков дээрлик утулуп калганын сезгендей, күрөшкөн жок.

Эми Үзүр Жусупбеков коло байге үчүн күрөшөт.

Жанылыктар