Ажырашуу көйгөйдүн чечими эмес

 Ажырашуу көйгөйдүн чечими эмес

Нарын облусунун тургуну Наргиза Токтогон кызы жалгыз бой эне. Жолдошу менен ажырашкандан бери эки баласын өзү тарбиялап жатат. Туруктуу жумушу жок. Күнүмдүк жалданма иштерде үйлөрдү тазалап акча табат. Тапкан акчасы убактылуу жашаган үйүнүн акысына араң жетет. Үй-бүлөнүн ыдырашына кайын журту себепкер болгон.

“Жолдошумдун бир туугандары, апасы менин көзүмчө эле “жубайың менен жашабайсың, ажырашсың” деп айткан күндөрү болгон. Ошондо ал “ооба, ажырашам” деп туруп берчү. Ошол мезгилде ооруп жатсам, мага каралашкандын ордуна элдин оокатын кылып жүргөн учурлар болду. Ушундай жүрөк ооруткан абалга көп кабылдым”.

Үй-бүлөлөрдүн эки ажырым жолго түшүүсүнө мындан башка дагы түрдүү кырдаалдар себеп болууда.

Кыргызстанда ажырашкан жубайлардын саны өсүп жатат. 2020-жылы 9 128 үй-бүлө эки ажырым жолго түшсө, өткөн жылдын 9 айында эле 9 076 түгөй ажырашкан.

Бул сот аркылуу расмий ажырышкандардын гана саны. Никеси расмий каттоого алынбай же сотко жетпей өз ара сүйлөшүү жолу менен ажырашкандар дагы кездешет. Аларды кошо эсептегенде Кыргызстанда түгөйлөрдүн ажырашуусу эң орчундуу маселелердин бири болуп эсептелет.

Ажырашууга себептер жана анын кесепеттери

Психолог Дөөлөткан Кабыкова түгөйлөрдүн эки жолго түшүүсүнө негизги себептердин бири катары материалдык жетишпестикти атады. Маселен, жубайлардын бирөөсү гана иштеп, экинчиси үйдө отуруп калганда келишпестиктер чыгат. Тагыраагы, үй-бүлөдөгү финансылык жетишпестик ажырашууга алып барат. Мындан тышкары, ашкере кызгануу, ата-энелердин кийлигишүүсү дагы башкы себептердин катарына кирет.

“Түгөйлөрдүн ажырашуусу – эң алгач өздөрүн жабыркатып, бири-бирине болгон ишеним азаят. Басымдуусу жарашуудан, кайра турмуш куруудан коркуп калышат. Бул нерселер балдардын психологиясына доо кетирет. Мисалы, ата-энесин көргөн балдардын турмушка көз карашы өзгөрөт. Психологияда андай балдардын 70 пайызы ажырашууга барат деген божомол бар. Байкасаңыз, коомдо ажырашкан жубайлар, балдары башкалардан өзүн кем сезип жашайт. Жоро-жолдошторунун, кесиптештерин алдында дагы “менин жолдошум жок” же “менин ата-энем бирге жашабайт” деген түшүнүктө өздөрүн артка тартышат”.

Психолог үй-бүлөнүн бекемдигин сактоо үчүн жубайлар бири-биринин терс, оң мүнөздөрүн кошо кабыл алууну жана жан дүйнөсүндө болуп жаткан ой-толгоолорду жашырбастан ачык маектешүүгө кеңеш берет. Мындан тышкары, үй-бүлөдөгү маселенин бардыгын туугандарына айтпаган жакшы. Айрым учурларда алардын кеңеши тескерисинче, ажыраштырууга жеткириши ыктымал.

“Жубайлар бири-бирин укканды үйрөнүү керек. Бири сүйлөгөндө экинчиси “дагы наалып баштадыңбы” дебестен, “бул эмнени айткысы келип жатат” деп жакшы жагынан ой жүгүртүү зарыл. Эми казан-аяк кагышпаган үй-бүлө болбойт. Бирок, чыр-чатак чыккан учурда жубайлар жаман сөздөр менен бири-биринин көңүлүн биротоло сындырбаганга аракет кылуу керек. Антпесе келишпестиктин айынан кайра жарашпай тургандай болуп эң жаман сөздөр менен урушкандар бар. Никени сактай турган негизги аракеттердин бири – бул кечиргенди үйрөнүү. Анан кечиргенди дагы баалай билүү керек. Ошондой эле, түгөйлөр окууда же жумушта болобу чогуу өскөнү жакшы”.

Оштун Нариман айыл аймагындагы аксакалдар сотунун төрагасы Артыкали Акматалиев жаштардын арасында үй-бүлө куруу, аны алып кетүү боюнча түшүнүк жоктугун белгиледи. Турмуш курганда өздөрүнүн күткөнүндөй болбогон соң чыр-чатак, ажырашууга барышат. Ошондуктан аларга үй-бүлө, аны кантип бекемдесе болору тууралуу түшүндүрүү иштерин жүргүзүү абзел. Учурда ар бир аймакта аксакалдар соту, аялдар кеңеши бар. Аларга кошо мектептерде дагы үй-бүлө институтун бекемдөө боюнча маалымат берилиши керек.

“Мисалы, биздин Нариман айыл аймагында түгөйлөрдүн келишпестиктери көбүнчө финансылык маселелерден келип чыкчу. Ошондуктан элге акча үй-бүлөнүн негизги баалуулугу эместигин түшүндүрөлү десек, башында аларды чогултуу кыйын болду. Бирок, бара-бара биздин айткан насааттарыбыз жыйынтыгын бере баштады. Азыр чыр-чатактар өтө ырбап кете электе чечилип жатат. Биз убагында алдын алуу аракеттерин көрбөсөк, бир үй-бүлөнүн чыры алгач бир көчөнүн, кийин айылдын көйгөйүнө айланат”, – деди Акматалиев.

Жаңжалдашкандарды элдештирген медиаторлор

Кыргызстанда чыр-чатактарды сотко жеткирбей чечүү жаатында медиация борборлору иштеп келүүдө. Тагыраагы, медиаторлор окуяга калыс баа берип, тараптарды элдештирүү кызматына аткарышат.

Улуттук медиация борборунун Оштогу бөлүмүнө кайрылгандардын 60 пайызын үй-бүлөлүк чыр-чатактан улам келгендер түзөт. Борбордун жетекчиси Авазбек Шамшиев көп учурда түгөйлөр пикир келишпестикке барганда бири-бирин күнөөлө менен тим болуп, ичтеги ой-пикирлерин толук айтуудан карманышарын белгилейт. Ошондуктан медиаторлор жубайлардын ар бири менен жекече баарлашып, кандай маселе жүрөгүн өйүп жатканын, канткенде кайра жубайы менен бактылуу жашап кете аларын терең изилдеп чыгат.

“Картография деген илим бар. Анын негизинде жубайлардын келишпестиги кайсы этапта турганын, экөөнү жараштырууга кандай мүмкүнчүлүктөр бар экендигин аныктайбыз. Көпчүлүк учурда аял, эркек бири-бирине ичтеги сөздөрүн толук жеткире алышпайт. Ушуну медиатр кылдат изилдеп чыгат. Мисалы, аялы жолдошуна айта албай жаткан сөздү медиатр айтат. Ошондой учурда медиатр аялдын ичтегисин толук сезип айта алса, жолдошунун кырдаалды түшүнүүсүнө, эки тараптын тил табышуусуна жардамы тиет”.

Бири-биринин мүнөзүн үйрөнүп, бактылуулукка жеткен үй-бүлө

Кырыз Эл артисти Курмангазы Азыкбаев жубайы менен бирге түтүн булатып келатканына 35 жыл болду. Алгачкы үй бүлөлүк турмушта, буларда дагы түшүнбөстүктөр дагы болгон. Чыр-чатактын чыгышына убагында айлана-чөйрөдөгү адамдардын да таасири тийген. Мындай учурда эки ажырым жолго кетпегенге түгөйлөрдүн бири-бирине болгон ишеними чоң роль ойногонун айтты.

“Ошол эле учурда мен кыйынмын, мен эркекмин, үй-бүлөнү мен башкарышым деген нерсе жубайларды бактылуу кыла албасын түшүндүм. Тескерисинче, бири-бирибизге мээрим төккөндө гана үй-бүлө бекемделет экен. Өзүбүз биринчи оңолмоюнча балдардын көз карашы оңолбойт. Алар бизге карап түздөнөт. Биз ынтымактуу түгөй болсок, ата-энелерин көргөн алар дагы бекем үй-бүлөнү түптөшөт”, – деди Курмангазы Азыкбаев.

Жубайы Зейнеп Кудайбергенованын айтымынды, үй-бүлөнүн ынтымакта жашап кетишине аял өзүнүн каталырынын үстүнөн иштеши керек. Ал алгачкы жылдары жолдошунун мүнөзүнө жараша мамиле жасоону, өзүнүн туура эмес жоруктарын оңдоонун үстүндө иштеген.

Ошол эле учурда үй-бүлөдө өзүн төмөн сезип жашаган аялдарды колдобойт. Ал аялдын дагы өзүнчө ой-пикири, кыялы бар экенин жолдошуна түшүндүргөн. Жубайлар чогуу чечим чыгарып, кеңешип иш кылганда гана мамиле бекемделгенин аңдашкан.

“Жолдошум чыгармачыл адам экенин эске алып, буга мындай сүйлөгөнүм жакпайт турбайбы, бул жерде мынтип коюшум керек экен, мындай жерде сүйлөбөй койгонум оң экен да деп өзүмдү тарбияладым. Бирок, өзүмдү ылдый түшүрүү менен эмес, өзүмдү баалоо менен ага жеткирип аттым. Жолдошум ашыкча сүйлөсө мен сүйлөбөй коюп аттым. Убакыты келгенде ал дагы түшүндү. Ушинтип отуруп иретке келдик”.

Үй-бүлө институнун бекемдөөгө салым кошкон академия

Өлкөдө жубайлардын ынтымагын бекемдөөгө багытталган үй-бүлө академиялары бар. Ош шаарында жыл башында ачылган академияда психолог, мотиваторлор ажырашуу алдында турган 41 үй-бүлөнү кабыл алып, консультация беришти. “Кайтарым байланышта алардан 21 түгөй ынтымакта жашап жатканы белгилүү болду”, – дейт академиянын негиздөөчүсү Нуркыз Кадырбекова.

Мындан тышкары, борбордо “42+” аталышындагы аялдардын курсу уюштурулган. Себеби мындай куракта аялдар жаштардын же улуулардын катарында өздөрүн таба албай кризис абалына кептелет. Ошондуктан аларга өздөрү үчүн жашоого убакыт келгенин, балдары чоңойтуу, алардын турмушуна кирише бербестиги боюнча кеңеш берүү маанилүү.

“Мага караганда апасын көп угат деген сыяктуу маселелер менен эки жаат болуп алган түгөйлөр көп кайрылат. Биз аларга сенин апаң, менип апам эмес, экөөбүз, анан калгандары дегиле деген кеңештерди берип жатабыз. Үйдө отурган кыз-келиндер мен ушул кийимди алгым келет, мен муну каалайм деген талаптары көп болот. Биз бул жаатта алардын хоббисин бизнеске айландыруу, онлайн сатуу адистиктери боюнча окутуп жатабыз. Бүтүрүүчүлөдүн арасында бисер, таттууларды сатуу боюнча иштеп жаткандар бар. Ошондой эле, зарылчылыктан улам кыздарды турмушка даярдоо курсу дагы ачылды. Кызыгуулар жакшы болуп жатат. Себеби кыздар билимди, өнөрдү үйрөнүшкөнү менен, турмушта эркектин психологиясы кандай болорун, кайын журту менен кантип тил табышып жашап кетиши боюнча түшүнүктөр аз болот”, – деди Кадырбекова.

Бактыга жараша, түрдүү себептерден улам ажырашып, кайра ынтымакта жашап кеткен жубайлар бар. Бирок, алардын көпчүлүгү өздөрүнүн маселесин коомчулукка ачыктоону туура көрүшкөн жок.

Бул материал АКШнын Эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттигинин (USAID) жана FHI360 уюмунун каржылоосу менен Кыргызстандагы Интерньюстун өкүлчүлүгүнүн Медиа-К долбоорунун колдоосунда ишке ашырылды. Материалда айтылган пикирлер Интерньюстун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн көз карашына дал келбеши да мүмкүн.

Даярдаган: Нуржамал Баргыбаева

Жанылыктар