Бишкекте “Азаттык”, “Кактус Медиа”, “Клооп” медиаларды жабууну талап кылган митинг өттү

 Бишкекте “Азаттык”, “Кактус Медиа”, “Клооп” медиаларды жабууну талап кылган митинг өттү

Бүгүн, 13-октябрда Бишкекте “Азаттык”, “Клооп”, “Кактус Медиа” жалпыга маалымдоо каражаттарынын (ЖМК) жабылышын талап кылган митинг өттү.

Алар аталган медиалар туура эмес маалымат берип жатат деген пикирин билдирип, чет элдик агенттер жөнүндөгү мыйзам тез арада кабыл алынышы керектигин айтышты.

Журналисттер акциянын катышуучуларын видеого, сүрөткө тарталы десе баары бетин жаап, эмне талап менен турганы тууралуу суроолорго жооп берүүдөн баш тартышты.

12-октябрда Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, Надира Нарматова “Клооп”, “Азаттык” жана “Кактус Медиа” ЖМКларын жабуу тууралуу кол топтоп жатканын билдирген. Нарматова өзү бул сөздөрдү четке кагып, алар эч негизсиз экенин айтып чыккан.

Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Жанылыктар