Аз камсыз болгон 350 үй-бүлөгө 100 миң сомдон каржылык колдоо көрсөтүлдү

 Аз камсыз болгон 350 үй-бүлөгө 100 миң сомдон каржылык колдоо көрсөтүлдү

Бишкектеги аз камсыз болгон 350 үй-бүлөгө 100 миң сомдон берилди. Бул туурасында Социалдык камсыздоо министрлигинен билдиришти.

Берилген акчаны жарандар кичи бизнести ачууга жумшайт. Долбоордун негизги максаты дагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү каржылык колдоо аркылуу жакырчылыктан арылтуу болуп саналат.

Ушул жылдын июль айында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жакыр жашагандарды колдоо долбооруна кол койгон. Ага ылайык, жалпы 292 миллион сом 2 800 үй-бүлөгө берилет.

Социалдык камсыздоо министри Кудайберген Базарбаев бул жаатта пилоттук долбоор ийгиликтүү ишке ашканын билдирди. Тактап айтканда, Кадамжай жана Жумгал райондорундагы 100 үй-бүлөгө ишкерлик баштоо үчүн карыжылык колдоо көрсөтүлгөн. Эми министрлик бул тажрыйбаны өлкөнүн бүт аймагына жайылтмакчы.

 

 

 

Жанылыктар