Аялына 16 жолу бычак сайган жаран кармалды

 Аялына 16 жолу бычак сайган жаран кармалды

Бишкекте аялына бычак уруп өлтүрүүгө аракет кылды деген шек менен күйөөсү кармалды. Бул тууралуу калаанын Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө ылайык, кечээ, 16-июлда, Улуттук хирургия борборунан 38 жаштагы аял бычак жеп ооруканага  түшкөндүгү кабарланган.Кайгуул кызматкерлери окуя болгон жерге барып, кылмышка шектүү катары 49 жаштагы кишини кармаган. Ал жабырлануучу аялдын жолдошу экени, бирок бир жылдан бери чогуу жашабай калганы аныкталган.”Текшерүү учурунда шектүү аялын 16 жолу бычак менен сайганын тастыктаган”, — деп айтылат маалыматта.Кайгуулчулар кармалган кишини Свердлов райондук милициянын Тергөө кызматына андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн өткөрүп беришкен.

Жанылыктар