Аялдар эркектерге караганда узак жашашат. Сандар жана фактылар

Кыргызстанда аялдар эркектерге караганда узак жашашат. Бул туурасында статистика комитетинин маалыматында айтылат.
Белгилегендей, аялдардын орточо жаш курагы (29 жаш) эркектерге караганда бир аз жогору (27 жаш). Ошону менен бирге аялдар эркектерге караганда узак жашашат.
“Аялдардын жашоо узактыгы 2021-жылы 76 жашты, ал эми эркектерде 68 жашты түзгөн. Учурда 60 жашта болгон аялдар дагы 21 жыл жашоо ыктымалдуулугуна ээ, ошол эле убакта эркектердеги бул көрсөткүч 15 жыл”,-деп айтылат маалыматта.
Ошол эле убакта Кыргызстандын калкынын жалпы санында эркектерге караганда аялдардын санынын өсүшү (50 пайыздан ашык) сакталууда.