Айбек Татанов “Алай” клубуна башкы машыктыруучу болуп дайындалды
“Алай” футболдук клубунун башкы машыктыруучусу болуп Айбек Татанов дайындалды. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы билдирди. Буга чейин Татанов 2016-2017-жылдары командага башкы машыктыруучу болуп дайындалып, эки жолу команда менен өлкө чемпиондугун утуп алган. Жаңы машыктыруучу команда менен алдыдагы сезонго даярдыгын баштаган. Бул жылы “Алай” клубу Азия кубогу үчүн күрөшөт. Белгилей кетсек, өткөн сезондо команданы Мирлан […]Кененирээк