Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР кырсык

Лейлекте сел 200 баш малды агызып, унаа жолдорду жараксыз абалга

Лейлекте сел 200 баш малды агызып, унаа жолдорду жараксыз абалга алып келген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, кечээ, 19-майда саат 19:30 чамасында Лейлек районунун аймагында жааган жаандын кесепетинен сел жүргөн. Селдин кесепетинен Катраң айыл аймагынын Раззаков-Катраң-Баул унаа жолун суу каптап, кум-шагылга толтуруп, жараксыз абалга алып келген. Унаалар үчүн жол […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Коом жана турмуш

Бишкек — Баткен аба каттамдарынын саны эки эсеге көбөйдү

Tez Jet авиакомпаниясынын учактары Бишкектен Баткенге жумасына эки жолунан каттай баштады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Tez Jet абакомпаниясынын өкүлдөрү менен жолугушууда аба каттамдардын санын көбөйтүү маселеси каралган. “Буга чейин учактар жумасына бир жолу каттап турган. Мындан сырткары, июндан баштап борбор калаадан Жалал-Абадга болгон каттамдардын санын […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Кылмыш жана жаза

Ошто милиция кызматкери пара алып жатып кармалды

Ош ШИИБнин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бөлүмүнүн ыкчам кызматкери, милициянын майору К.Т.Т. кармалды,- деп билдирет КР Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында ыкчам кызматкери 1500 миң АКШ доллар өлчөмүндөгү акча каражатын талап кылуу фактысы аныкталды. Ушул жылдын 18-майында Кара-Суу районунун аймагында көрсөтүлгөн сумманын 20 миң сом өлчөмүндөгү бир бөлүгүн […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Спорт

Футбол U-16: Бүгүн Кыргызстан менен Өзбекстандын беттеши болот

Бүгүн, 20-майда Кыргызстандын футбол боюнча жаштар курамасы (U-16) Борбордук зонадагы командалар арасындагы Азия чемпионатында финалдык беттешин өткөрөт. Турнир ушул күндөрү Дүйшөмбү шаарында (Тажикстан) 5 команданын катышуусунда өтүп жатат. CAFA U16 Championship 2022 финалдык турунда кыргызстандын командасы Өзбекстандын командасы менен беттешет. Финалдык турга чейин Кыргызстандын курама командасы 1 упайга ээ болуп, турнирдик таблицада акыркы 5-орунда, Өзбекстан […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Коом жана турмуш

Ош шаарындагы “Бакыт үйүн” оңдоо иштери кызуу жүрүп жатат

Ош шаарындагы “Бакыт үйүнүн” имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү иштери кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, күн мурун мэр Алмаз Мамбетовдун тапшырмасынын негизинде вице-мэр Жасур Азимов жетектеген жумушчу комиссия иштин жүрүшү менен таанышты. План боюнча, капиталдык ремонт быйыл аяктайт. Ага шаар казынасынан акча бөлүнгөн.Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР коопсуздук

Кызыл-Кыяда көмүр шахтасынан газ чыгып, ичинде жумушчулар калып калган

Бүгүн, 19-майда Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Козу айылында жайгашкан көмүр шахтасында газ чыккан. Маалыматка ылайык, шахтанын ичинде жумушчулар калып калган. Жерине улук лейтенант Кочкоровдун жетекчилигинде 5 куткаруучу тартылды. Кошумча маалымат берилет.Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Маданият

Ош шаарында «Куттуу эл» биринчи Улуттук форуму өтүп жатат

Ош шаарында бүгүн «Куттуу эл» биринчи Улуттук форуму старт алды. Форум президент Садыр Жапаровдун «Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы» жөнүндө жарлыгынын алкагында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетовдун демилгеси жана Оштун мэри Алмаз Мамбетовдун колдоосу менен өтүп жатат. Форумдун ишине белгилүү окумуштуулар, ар кайсы тармактын эксперттери, саясатчылар, ишкерлер, активдүү жаштар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышууда. Форумдун […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Саясат

Баткенге жаңы өкүл дайындалды

Мамыржан Рахимов Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча президенттин атайын өкүлү болуп дайындалды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти. Мындай документке президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, мамлекет башчысы тарабынан 2021-жылдын 4-майында “Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү маселелери боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” жарлык кабыл алынган. […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР кырсык

Бишкекте 9-кабаттан кулаган мектеп окуучусу көз жумду

Бишкекте 9-кабаттан кулаган мектеп окуучусу көз жумду. Бул тууралуу   Октябрь райондук милициясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, 18-майда саат 08:10дор чамасында “102” кызматына борбор калаанын Каралаев көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринин 9-кабатынан өспүрүм кулап, каза болгону тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге ыкчам тергөө тобу чыгып, каза болгон өспүрүм 14 жаштагы Н.И., экендигин тактаган. Аталган факты маалыматтын […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Кылмыш жана жаза

Жайыл райондук сотмедэкспертизанын жетекчиси пара алып жаткан учурда кармалды

Пара алуу фактысы боюнча Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси А.Н.Т. кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Жайыл райондук соттук-медициналык экспертизанын жетекчиси каза болгон адамдын сөөгүн өлүкканага кабыл алуу жана каттоо, өлгөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү берүү жана маркумдун сөөгүн ачуудан баш тартуу боюнча атайын коррупциялык схема уюштуруп алганы аныкталды. Тиешелүү ыкчам-издөө иш-чараларын жүрүшүндө […]Кененирээк