Акыркы кабарлар Баардык Билим-маданият ЖАҢЫЛЫКТАР

Мугалимдердин 86 пайызын аялдар түзөт. Билим берүү кызматкерлери тууралуу цифралар

Бүгүн, билим берүү кызматкерлеринин күнү. Бул майрам жыл сайын дүйнөнүн 100дөн ашык өлкөлөрүндө белгиленет. Мугалимдер күнү 1994-жылы негизделген. Кыргызстандын Билим берүү кызматкерлеринин күнүн 5-октябрда белгилөө чечими 2014-жылы Өкмөттүн токтому менен кабыл алынган. Кыргызстанда мектепке чейинки, жалпы билим берүү, баштапкы, орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү 4 миңден ашык уюмдар иштейт. Аларда 116 миңге жакын педагогдор […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Өлкөдө 233 миңден ашык гектардан буудай жыйналды

Буудайды оруп-жыйноо иштери аяктады. Быйыл өлкө боюнча 233,7 миң гектарда буудай (99,8%) жыйналды. Бул тууралуу өкмөттүн айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмүн жыйноо маселеси боюнча жыйынында белгилүү болду. “Оперативдүү маалыматтар боюнча буудайдын орточо түшүмдүүлүгү 27,7 центнерди (өткөн жылы гектарына 14,7 центнерден) түзүп, былтыркыга салыштырмалуу түшүмдүүлүк эки эсеге өскөн”, -деп айтылат маалыматта. Былтыр дан эгиндери 230,7 миң гектар […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР Кылмыш жана жаза

Эки килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган жаран кармалды

Эки килограммдан ашык баңги затын сатууга аракет кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти. Билдирүүгө ылайык, баңги затын сатууга аракет кылып жаткан учурда 1961-жылы туулган Ж.С.А. аттуу Ош облусунун тургуну кармалды. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Ош шаарына 3022 жыл! Калаанын сиз көрө элек сүрөттөрү

Бүгүн, 5-октябрь — Ош шаарынын күнү. Шаарга 3022 жыл толду. Ош шаарынын күнү 2000-жылдан бери 5-октябрда белгиленет. Болжол менен 30 кылым мурда түптөлгөн калаага 1876-жылы шаар деген расмий макам берилген. Кылым карыткан байыркы шаардын архивдик жана азыркы сүрөттөр топтомун сунуш кылабыз.     Ош – Б. з. ч. IV-кылымда – б. з. V-кылымда шаар Чыгыш […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Ош юридикалык институтунун окутуучулары ОшМУга нааразылыгын билдиришти

Ош юридикалык институтунун окутуучулары ОшМУга нааразылыгын билдиришти. Алардын үнүн кабарчыбыз Абдумалик Базарбаев угуп келген. Маалыматта айтылгандай, Ош юридикалык институту ушул жылдын август айында Ош мамлекеттик окуу жайынын карамагына өткөн. Окутуучулар ошондон бери айлык маяналарын алыша элек. “Нааразычылыктан улам институттун эмгек жамааты менен жолугушууга ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков келди. Ал катачылыктар тез арда  жоюлуп, каражат меселеси […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык Дүйнө ЖАҢЫЛЫКТАР

21-сентябрдан бери Казакстанга 200 миңдей орусиялык кирди

21-сентябрдан бери Казакстанга 200 миңдей россиялык жарандар кирип, 147 миң киши чыгып кетти. Бул туурасында Казакстандын ички иштер министри Марат Ахметжанов билдирди. Буга чейин Казакстандын Ички иштер министрлиги 21-28-сентябрь аралыгында Россиядан адаттагыдан 2-3 эсе көп адам келгенин билдирген. Негизинен орусиялыктар казак-орус чек арасына жакын Батыш Казакстан, Актөбө, Костанай, Павлодар, Түндүк Казакстан, Чыгыш Казакстан, Атырау облустарына […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Орунбеков: Өзгөндөгү жолугушууга элди киргизбей койду деген маалымат жалган

Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип жатат. Жолугушуу жабык түрдө өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ал жыйынга “киргизбей койду” деп таратылып жаткан маалыматтар чындыкка дал келбестигин жана бүгүн кечке чейин келгендер кирип […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР Кылмыш жана жаза

Финансы министрлигинин кызматкери пара алып жаткан жеринен кармалды

Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы 150 миң сом пара менен кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка караганда, Финансы министрлигинин Ички аудит кызматынын төрагасы Р.С. кызмат абалынан пайдалануу менен кол алдында иштеп жаткан бөлүм башчы аркылуу аудитор кызматына жумушка алуу үчүн 150 миң сом талап кылып алган. Аталган факт боюнча […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Президенттин Өзгөн эли менен жолугушуусу жабык эшик артында өтүүдө

Президент Садыр Жапаров Өзгөндө эл менен жолугушуп, чек ара боюнча маалымат берип, суроолорго жооп берип жатат. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды. Маалыматка караганда, жолугушуу жабык эшик артында өтүп, эл райондук администрациянын жыйындар залына кирди. “Сыртта батпай калган элди, экинчи этап менен киргизип маалымат берип, суроолорго […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн доллар бөлөт

Дүйнөлүк банк Баткен облусун өнүктүрүүгө 50 млн АКШ долларын бөлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаттарынын Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия чөлкөмү боюнча вице-президенти Анна Бьерде менен жолугушуусунда белгилүү болду. Сүйлөшүүлөр 3-октябрда Бишкекте өттү. Тараптар кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, андан тышкары мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесиндеги кайгылуу окуяны талкуулашты. Депутаттар Кыргызстан эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу маселелерди […]Кененирээк