Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Шайлоо-2021: 11 миң милиция коопсуздукту көзөмөлдөйт

28-ноябрь парламенттик шайлоо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 11 миңдей милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Ал эми 5 миң кызматкер добушканаларга көзөмөл жүргүзүп, 2 миңдей кызматкер жолдогу коопсуздукту камсыз кылып берет. Ошондой эле, өнөктүк өтүп жатканда ишке тартылган күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Коом жана турмуш

“Сосновка” постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Аба ырайынын начарлашына байланыштуу 26-ноябрда саат 06:00дөн баштап “Соснавка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалынын басма сөз кызматы билдирди.  Чектөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо жана жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында коюлду. Маалыматта кабарлангандай, мындай абал аба ырайы калыбына келгенге чейин уланат.Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Саясат

Президент мамлекеттик ишканаларада ири коррупция болуп келгенин билдирди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик ишканаларда ири коррупция болуп келгенин билдирди. Өлкө башчынын айтымында, бир жыл ичинде мамлекеттик ишканалардын киреше бериши көбөйгөн. “Ушул жылдын башында “Мегакомдун” жетекчисин алмаштыргам. Мурдагы жылдары 2-3 млрд. сом таза киреше берип жатса, эки-үч жылдан бери 500-600 млн. сомго түшүп калган. Тарифтер, абоненттер ошондой эле. Мен жаңы […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Коом

Шайлоо мыйзамдарын бузган 300дөн ашуун факты катталды

Жогорку Кеңештин депуттыгына талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып жалпысынан шайлоо мыйзамдарын бузган 305 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди. Анын айтымында, жалпы фактылардын 117си бирдиктүү реестрге катталса, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу 37 арыз түшкөн. “Бардык мыйзам бузуулар боюнча […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Дүйнө ЖАҢЫЛЫКТАР кырсык

Президент Жапаров Путинге шахта кырсыгына байланыштуу көңүл айтты    

Өлкө башчы Садыр Жапаров  Орусия  президенти Владимир Путинге Кемерово облусундагы шахтада болгон кырсыктын кесепетинен жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Каргаша кечээ  эртең менен “Листвяжная” шахтасында болгон. Ал убакта 285 киши иштеп жаткан, көбүн үстүнө алып чыкканга жетишишкен. 11 кенчи каза таап, 60 киши жабыркап, алардын 37си ооруканага жаткырылган. […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Жол оңдоо иштерине байланыштуу кыргыз-өзбек чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрмө бекети

1-3-декабрь күндөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы «Өзбекстан-Автодорожный» жана “Кызыл-Кыя-Автодорожный” көзөмөл-өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Аталган көзөмөл-өткөрмө бекет жол ондоо жана асфальт төшөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул убакыт аралыгында товар жана транспорт каражаттары «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өткөрүлөт. Чек ара кызматы билдиргендей, 4-декабрдан тартып «Кызыл-Кыя-Автодорожный» жана «Өзбекстан-Автодорожный» жолдору штаттык режимде иштеп […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Казакстандын «Шабыркүл» кенинен 247 вагон көмүр келет. Баасы 4600 сомдон

Жакын арада Кыргызстанга Казакстанда 247 вагон көмүр келет. Импортер отундун тоннасын 4 миң 600 сомдон кымбат сатпоого милдеттеме алды. Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги коңшу өлкөнүн «Шабыркүл» кенинен көмүр жеткирүүнү көбөйтүү жөнүндө макулдашканын билдирди. «Шабыркүл» көмүрү Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы Шопоков, Кайыңды, Токмок жана Канттагы базаларда сатылат. 15-ноябрда президент […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

COVID-19: Сутка ичинде 74 адамдан вирус аныкталып, 3 бейтап көз

Бүгүн, 26-ноябрга карата коронавирус дагы 74 адамдан аныкталды. Бул тууралуу Республикалык штаб билдирет. Алар: Бишкек шаарында – 27, Чүй облусунда – 16, Ош облусунда – 5, Талас облусунда – 3, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 5, Баткен облусунда – 8 адамдан илдет жаңы табылган. Ал эми бир суткада 108 адам илдеттен сакайып чыгып, […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Саясат

Жапаров: “Дыйкандарга жеңилдетилген кредиттер министрлердин, депутаттардын тааныштарына берилип жатат”

Бүгүн, 26-ноябрда өтүп жаткан Коопсуздук кеңешинин жыйынында Садыр Жапаров дыйкандарга жеңилдетилген кредиттин 3 пайызы гана берилип, калган 97 пайызы бизнесмендерге, чондордун тааныштарына берилип жаткандыгын билдирди. Бул себептен дыйкандарга жетпей, жакшы түшүм алалбай жатат деди өлкө башчысы. Жапаров жыйындын башалышында бир катар жетекчилерге тарпшырма берди. Ал өлкөдө жазында сугат жерлер айдалбай калып жатканын белгилеп, дыйкандар акча, […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР кырсык

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Жалал-Абадда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди. Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, жер титирөө 26-ноябрда түнкү саат 01:40та катталып, очогунда күчү 3 баллга жеткен. Жер титирөө Токтогул районунун Жетиген, Өзгөрүш айылдарында 3 баллга чейин сезилген. Такталган маалымат боюнча, табият кырсыгынан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Кененирээк