Акыркы кабарлар Дүйнө ЖАҢЫЛЫКТАР

Сицилияда Вулькано жанар тоосу ойгонду

Сицилияда да  Вулькано жанар тоосу ойгонду. Аралдын жээгинен түндүк-чыгышта жайгашкан кичинекей  айылдын  150 тургуну өлүмгө алып келген газдардан улам үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болууда.  Геофизиктер жанар тоонун активдешүүсү менен шартталган күкүрттүү газдардын деңгээлинин жогорулашын катташты. Бул адамдар жана үй жаныбарлары үчүн өлүмгө алып келиши мүмкүн.  Сицилиянын бийликтери ысык булактары жана ылай мончолору менен белгилүү болгон […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Экономика

Өлкөнүн бардык аймактарында электр энергиясына чектөө кирди

Бүгүн, 23-ноябрда өлкөнүн бардык аймактарында электр энергиясына чектөө киргизилди. Бул тууралуу “Улуттук энергохолдинг” ишканасы билдирди. Мекеме тараткан маалыматта Токтогул суу сактагычындагы суунун болжолдуу өлчөмү эсептелгенден кийин ушундай чечим кабыл алынганы айтылат. Анда керектөөчүлөргө электр энергияны сарамжалдуу пайдаланууга чакырык ташталган. “Апрель-октябрь айларында электр энергиянын керектөө чеги 530 млн. кВт саат же 10,4% ашып кеткен. Белгиленген ченемдерди […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргыз аскерлери Тажикстанда өткөн “Кобальт-2021” тактикалык машыгууга катышты

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов баштаган аскерлер Тажикстандын “Фахробод” аскердик полигонунда өткөн “Кобальт-2021” атайын тактикалык машыгуусуна катышты. Жамааттык коопсуздук жөнүндө келишим уюмунун (ЖККУ) Ыкчам аракеттенүүчү күчтөрү катышкан машыгууга Кыргызстандан ИИМдин “Шер” атайын даярдыктагы отрядынын аскер кызматчылары, “Шумкар” атайын багыттагы полкунун атайын операциялар отрядынын кызматкерлери барды. Машыгууда Кыргызстандын, Армениянын, Беларусиянын Казакстандын, Орусиянын жана Тажикстандын […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Дүйнө ЖАҢЫЛЫКТАР кырсык

Болгарияда автобуста күйүп кеткен 45 адамдын 12си жаш балдар болгон

Шейшембиге караган түнү, Болгарияда автобус жол кырсыгына кабылган. Анда болжол менен 45 адам каза болду. Бул тууралуу РИА Новости өлкөнүн ИИМине шилтеме берип жазды. Каргашалуу окуя  “Стурма” автомагистралында болгон. Автобуста бараткандардын  көбү түндүк македониялык туристтер болгон.Учурда транспорттун техникалык абалы жана айдоочу кандай ката кетиргени такталып жатат. Улуттук тергөө кызматынын жетекчиси Борислав Сарафовдун айтымында, жүргүнчүлөрдүн денеси […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Саясат

УКМКда кадрдык өзгөрүүлөр болду.

Президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук комитетинде жана УКМКнын алдындагы Чек ара кызматында бир катар кадрдык өзгөрүүлөргө кол койду. Бул тууралуу атайын кызматтан кабарлашты. Өлкө башчысы кол койгон тескемеге ылайык, Жанибек Жоробаев УКМК төрагасынын орун басары – УКМКнын киберкоопсуздукту камсыз кылуу боюнча координациялык борборунун директору кызматынан бошотулуп, ордуна Абдыкадыр Разаев дайындалды. Ал эми, Улуттук коопсуздук мамлекеттик […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Ысык-Көлдө элдин колундагы курал-жарак текшерилүүдө

Ысык-Көл облусунда элдин колундагы куралды текшерүү боюнча “Арсенал” аталышындагы операция өтүүдө. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди. Аталган операцияга үч жүздөн ашык милиция кызматкерлери тартылып, жарандардын колундагы куралдардын сакталуу эрежелери текшерилүүдө жана куралды мыйзамсыз сактап жүргөн жарандар аныкталууда. Операциянын биринчи күнүндө, Балыкчы ШИИБдин кызматкерлери тарабынан төрт мыйзамсыз сакталган ок атуучу куралдар аныкталган, анын […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстан Россиянын «Газпромбанкы» менен кызматташат

Кыргызстан Орусиянын “Газпромбанкы” менен кызматташуу меморандумуна кол койду. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдайт. Документ мамлекеттик долбоорлорду жана программаларды ишке ашыруу жаатындагы келишимдерге банктык колдоо көрсөтүүнү көздөйт. Кечээ, 22-ноябрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Газпромбанктын” биринчи вице-президенти жана башкармалыктын мүчөлөрү менен жолугушту. Алар банктык колдоо кызматтарын илгерилетип, мамлекеттик сатып алууларды каржылоо механизмдерин да […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

COVID-19: Жаңы 69 учур, эмдөө албаган эки бейтап көз жумду

Бүгүнкү, 23-ноябрга карата өлкөдө коронавирус инфекциядан эки адам каза болду. Экөө тең эмдөөдөн өткөн эмес. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты. Муну менен  Кыргызстанда COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2729 адамга жетти. Ал эми, соңку бир күн ичинде вирус дагы 69 адамдан табылды. Алар: Бишкек – 30; Ош шаары – 2; Чүй – 19; Ош облусу […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Бишкек-Ош унаа жолундагы кырсыктан бир адам каза болуп, үчөө жабыркады.

Бишкек-Ош унаа жолунун 187-чакырымында жол кырсыгы катталды. Андан бир адам каза болгонун Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди. Кырсыкта «Мерседес-Бенц Гигант» менен «Лексус RX-350» кнаалары кагышкан. Кесепетинен «Лексустун» айдоочусу каза таап, дагы үч адам жаракат алган. Окуя болгон жерде унаа жолдун 154-чакырымында нөөмөттө турган куткаруучуларды даярдаган мамлекеттик борбордун кызматкерлери иш алып барган.Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

1-декабрдан тарта Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдары көбөйөт

Үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тартып Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы аба каттамдары көбөйөт. Бул тууралуу Москва шаарына жумушчу сапары менен барган КР министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен болгон жолугушуусунда маалым болду. «Жапаров россиялык тарапка үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдардын санын жогорулатуу тууралуу кабыл алынган чечими жана […]Кененирээк