Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Саясат

Президент парламенттик шайлоого аттанган талапкерлерди жана саясий партияларды ак ниеттүү

Президент Садыр Жапаров өлкөнүн Коопсуздук кеңешинин жыйынында сөз сүйлөп жатып, парламенттик шайлоого аттанган талапкерлерди жана саясий партияларды ак ниеттүү жана ачык болууга чакырды. Өлкө башчысынын айтуусунда, алдыдагы Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо биздин элибиз үчүн, мамлекетибиз үчүн келечекти аныктоодо маанилүү тарыхый ролго ээ. “Бул шайлоону укуктук талаада гана ачык-айкындуулук жана демократиялык принциптерди сактоо менен өткөрүү, Кыргызстанда […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Бийликти күч менен басып алууну көздөгөн топтун ишине бөгөт коюлду

Алдыдагы парламенттик шайлоонун коопсуздугун камсыз кылуу боюнча УКМК жана ИИМ тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаранын алкагында, шайлоодон кийин дароо өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу жана бийликти күч менен басып алуу максатында чагымчылдык уюштурууну пландаштырган адамдардын тобу боюнча маалымат алынган. Ишти иликтөөнүн жүрүшүндө тергөө судьясы тарабынан санкцияланган атайын ыкчам-тергөө иш-аракеттеринин натыйжасында, айрым бир деструктивдүү саясий күчтөр, анын ичинде Жогорку […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Коом жана турмуш

Бүгүн Жогорку Кеңеш кезексиз жыйынга чогулат. Күн тартибинде 2 маселе

Бүгүн, 26-ноябрда КР Жогорку Кеңеши кезексиз жыйынга чогулат. Парламенттин басма сөз кызматы билдиргендей, жыйын саат 14.00ө башталып, күн тартибинде төмөнкү маселелер каралат: КР Жогорку Кеңешинин депутаты А.Жээнбековду жана Т.Зулпукаровду жазык жоопкерчилигине тартууга макулдук алуу жөнүндө КР башкы прокурору Крманкул Зулушевдин сунуштамасын кароо үчүн атайын депутаттык комиссия түзүү. Эскерте кетсек, Жогорку Кеңештин учурдагы депутаттары Төрөбай Зулпукаров […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Шайлоо-2021: 11 миң милиция коопсуздукту көзөмөлдөйт

28-ноябрь парламенттик шайлоо күнү өлкөдө коомдук коопсуздукту камсыз кылуу үчүн 11 миңдей милиция кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы Марат Иманкулов билдирди. Ал эми 5 миң кызматкер добушканаларга көзөмөл жүргүзүп, 2 миңдей кызматкер жолдогу коопсуздукту камсыз кылып берет. Ошондой эле, өнөктүк өтүп жатканда ишке тартылган күчтөрдү жана каражаттарды координациялоо […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Коом жана турмуш

“Сосновка” постунда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Аба ырайынын начарлашына байланыштуу 26-ноябрда саат 06:00дөн баштап “Соснавка” постунда оор жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөө киргизилди. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалынын басма сөз кызматы билдирди.  Чектөө адамдардын коопсуздугун камсыздоо жана жол унаа кырсыктарын алдын алуу максатында коюлду. Маалыматта кабарлангандай, мындай абал аба ырайы калыбына келгенге чейин уланат.Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Саясат

Президент мамлекеттик ишканаларада ири коррупция болуп келгенин билдирди

Өлкө башчысы Садыр Жапаров бүгүнкү Коопсуздук кеңешинин жыйынында мамлекеттик ишканаларда ири коррупция болуп келгенин билдирди. Өлкө башчынын айтымында, бир жыл ичинде мамлекеттик ишканалардын киреше бериши көбөйгөн. “Ушул жылдын башында “Мегакомдун” жетекчисин алмаштыргам. Мурдагы жылдары 2-3 млрд. сом таза киреше берип жатса, эки-үч жылдан бери 500-600 млн. сомго түшүп калган. Тарифтер, абоненттер ошондой эле. Мен жаңы […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР Коом

Шайлоо мыйзамдарын бузган 300дөн ашуун факты катталды

Жогорку Кеңештин депуттыгына талапкерлерди каттоо күнүнөн тартып жалпысынан шайлоо мыйзамдарын бузган 305 факты катталды. Бул тууралуу бүгүн, 26-ноябрда Коопсуздук кеңешинин жыйынында Коопсуздук кеңешинин катчысы, шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча республикалык штабдын жетекчиси Марат Иманкулов билдирди. Анын айтымында, жалпы фактылардын 117си бирдиктүү реестрге катталса, шайлоочуларды сатып алууга байланыштуу 37 арыз түшкөн. “Бардык мыйзам бузуулар боюнча […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Дүйнө ЖАҢЫЛЫКТАР кырсык

Президент Жапаров Путинге шахта кырсыгына байланыштуу көңүл айтты    

Өлкө башчы Садыр Жапаров  Орусия  президенти Владимир Путинге Кемерово облусундагы шахтада болгон кырсыктын кесепетинен жумушчулардын каза болгондугуна байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады. Каргаша кечээ  эртең менен “Листвяжная” шахтасында болгон. Ал убакта 285 киши иштеп жаткан, көбүн үстүнө алып чыкканга жетишишкен. 11 кенчи каза таап, 60 киши жабыркап, алардын 37си ооруканага жаткырылган. […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Жол оңдоо иштерине байланыштуу кыргыз-өзбек чек арасындагы эки көзөмөл-өткөрмө бекети

1-3-декабрь күндөрү кыргыз-өзбек чек арасындагы «Өзбекстан-Автодорожный» жана “Кызыл-Кыя-Автодорожный” көзөмөл-өткөрмө бекеттери убактылуу жабылат. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди. Аталган көзөмөл-өткөрмө бекет жол ондоо жана асфальт төшөө иштерине байланыштуу жабылат. Бул убакыт аралыгында товар жана транспорт каражаттары «Достук-автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекети аркылуу өткөрүлөт. Чек ара кызматы билдиргендей, 4-декабрдан тартып «Кызыл-Кыя-Автодорожный» жана «Өзбекстан-Автодорожный» жолдору штаттык режимде иштеп […]Кененирээк

Акыркы кабарлар ЖАҢЫЛЫКТАР

Казакстандын «Шабыркүл» кенинен 247 вагон көмүр келет. Баасы 4600 сомдон

Жакын арада Кыргызстанга Казакстанда 247 вагон көмүр келет. Импортер отундун тоннасын 4 миң 600 сомдон кымбат сатпоого милдеттеме алды. Экономика жана каржы министрлигинин алдындагы Монополияны жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги коңшу өлкөнүн «Шабыркүл» кенинен көмүр жеткирүүнү көбөйтүү жөнүндө макулдашканын билдирди. «Шабыркүл» көмүрү Бишкек шаарында жана Чүй облусундагы Шопоков, Кайыңды, Токмок жана Канттагы базаларда сатылат. 15-ноябрда президент […]Кененирээк