Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Акыркы кабарлар Баардык Дүйнө ЖАҢЫЛЫКТАР

Россия АКШга стратегиялык өзөктүк машыгуусу башталганын эскертти

Россия АКШга “Гром” стратегиялык өзөктүк машыгуусун өткөрөрүн расмий түрдө эскертти. Бул тууралуу Пентагон менен Мамлекеттик департаменттин өкүлдөрү билдиришти. “Машыгуу жөнүндө кабар берүү менен Россия куралданууну көзөмөлгө алуу боюнча өз милдеттенмелерин аткарууда”, – деди Пентагондун мааылмат катчысы Патрик Райдер. Буга чейинки машыгуу Россия Украинага кол салганга бир нече күн калганда аяктап, машыгуунун датасы алдын ала айтылган […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

28-октябрда Ош шаарына жылуулук берилет

Ош шаарына 28-октябрдан тарта жылуулук бериле баштайт. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат кызматынан билдиришти. Буга чейин жылуулук менен камсыздоочу ишканалардын бардыгы кышкы жылытуу мезгилине толук даяр экени айтылган. Белгилесек, норма боюнча абанын орточо суткалык температурасы 5 күн бою +8 градустан ашпаса, анда керектөөчүлөргө жылуулук берилет. Бирок, жаан-чачындуу аба ырайынан улам калаа тургундары жылуулук берүүнү эртелетүүгө […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Чек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон аскерге таандык делген сөөктүн ДНК

Кыргыз-тажик чек ара жаңжалында дайынсыз жоголгон лейтенант Дастан Анарбековго таандык болушу мүмкүн делген сөөктүн ДНК-тесттин жыйынтыгы чыкты. Бул тууралуу Анарбековдун апасы Сауле Иманалиева билдирди. Генетикалык-экспертизанын жыйынтыгына ылайык, Дастан Анарбековдун каза болгону аныкталды. Бирок, апасы экспертизанын корутундусаны макул эмес. «Генетикалык текшерүү үчүн биологиялык материалдын үлгүлөрүн алуу туура эмес өткөн. 21-сентябрда атасынан кан алынган, 6-октябрда текшерүүгө жөнөтүлгөн. […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Төө-Ашууда жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилди

Бүгүн, 26-октябрь саат 11:40 баштап тыгындарды болтурбоо максатында аба ырайы жана климаттык шарттар жакшырганга чейин Төө-Ашуу жана Сосновкада бекетинде жүк ташуучу унаалардын өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилди. Бул тууралуу “Кыргызавтожол” ишканасынан билдиришти. Эрежеге ылайык, кар жааганда жүк ташуучу унаалар Төө-Ашуудагы жолдун аркы өйүзүнө токтоп, унаалардын жүрүшүнө тоскоолдук жаратат. Ошонун негизинде аларга чектөө киргизилет. “Кыргызавтожол” мамлекеттик ишканасынын […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Садыр Жапаров Казакстанга иш сапары менен барат

Президент Садыр Жапаров эртең, 27-октябрда, Казакстанга иш сапары менен барат.  Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди. Мамлекет башчысы Астана шаарында Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлеринин биринчи жолугушуусуна катышат. Маалыматка караганда, Борбор Азия жана Европа Биримдиги өлкөлөрүнүн лидерлери саясат, соода, транспорт, экология, коопсуздук чөйрөсүндөгү жана башка эл аралык айдыңдын […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Бишкек: сотко күбө катары чакырылган жаран айыпталуучуга бензин чачып өрттөөгө

Бишкектин Биринчи май райондук соту күбө айыпталуучуну өрттөөгө аракет кылган видео боюнча комментарий  берди. Маалыматка караганда, Биринчи май райондук сотунда алдамчылыкка айыпталган К.М.А.га карата кылмыш иши каралды. Соттук отурум аяктаган соң, аталган иш боюнча А.Г. аттуу күбө айыпталуучуга бензин чачып, өрт койгон. Кыскача видеону социалдык тармакка Facebook колдонуучусу Бактыбек Жумашев жарыялаган.Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР Экономика

Кыргызстандын энергетика системасындагы карызы 136 млрд сомго жетти

Кыргызстандын энергетика системасындагы карызы 136 миллиард сомго жетти. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 26-октябрдагы жыйынында билдирди. Министрдин айтымында, эң көп карыз Кытай мамлекетине туура келет. Алынган насыялар «Датка-Кемин» долбооруна жумшалган. «Ошондой эле Токтогул ГЭСин реконструкциялоо жумуштары алынган кредиттердин эсебинен жүргөн. Экинчи орунда көп каражатты Ислам өнүктүрүү банкы берген. Ал акчага Түндүк […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Кадамжайда сайдан 57 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды

Кадамжайда сайдан 57 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.  “112” кызматына Көк-Талаа айылында мектептин жанындагы сайда белгисиз адамдын жансыз денеси жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине куткаруучулар тартылып, 1965-жылы туулган С.К. аттуу эркек кишинин сөөгүн суудан чыгарып, Ички иштер министрлигинин жана тез жардам кызматкерлерине өткөрүп беришкен.Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык Дүйнө ЖАҢЫЛЫКТАР Саясат

Казакстанда президенттик шайлоого каршы митинг өтө турган күнү беш активист

Астана жана Алматы шаарларында мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого каршы акция өтө турган күнү (25-октябрь) кеминде беш активист кармалды. Бул тууралуу “Азаттыктын” казак кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, Алматыда Илимдер академиясынын алдындагы аянтта Асет Абишев, Айдар Сыздыков жана Канатхан Амренов кармалды. Астанада полиция кызматкерлери кеминде эки кишини кармап кетишти. Алардын бири активист Венера Жанабаева болсо, экинчи адамдын […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Түштүк Корея Кыргызстанга төрт тез жардам унаасын берди

Түштүк Корея Кыргызстанга төрт тез жардам унаасын жана медицина кызматкерлери үчүн атайын жабдууларды берди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, тез жардам унаалары жана атайын жабдуулар Кыргызстандын элчилиги менен Кореянын Өрткө каршы улуттук агенттигинин ортосунда жетишилген макулдашуулардын негизинде Кёнгидо провинциясы тарабынан берилди. Иш-чарага Кыргызстандын элчиси Аида Исмаилова катышты. Салтанаттын жүрүшүндө элчи өзгөчө кырдаалдарга […]Кененирээк