Нуржамал Баргыбаева

https://oshtv.kg/

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР кырсык

Алайда жер титиреди

Кечээ, 24-октябрь күнү саат 22:57де Ош облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти. Маалыматка ылайык, жер силкинүү Алай районунун Каблан-Көл жана Тогуз-Булак айылдарында, Кара-Суу районунун Корок, Чайчи, Ийрек айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген. Бактыга жараша жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык Дүйнө ЖАҢЫЛЫКТАР Экономика

Украина айына 4-5 млрд доллар бюджеттик жардам алууну күтүүдө

Украина айына 4 миллиард доллардан 5 миллиард долларга чейин бюджеттик жардам алууну күтүүдө. Бул тууралуу Зеленскийдин экономикалык кеңешчиси Александр Роднянский Германиянын Funke редакциясына берген маегинде билдирди. Президенттин кеңешчиси Германия 2023-жылы Киевге айына 500 миллион доллардай акча бере аларын кошумчалады. Ал эми Евробиримдиктен Украина айына болжол менен 2 миллиард доллар өлчөмүндө жардам күтүүдө.Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык Дүйнө ЖАҢЫЛЫКТАР коопсуздук

Казакстанда аскердик доктрина жаңыланды

Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн аскердик доктринасына киргизилген өзгөртүүлөрдү бекитти. Бул тууралуу Казакстандын Коргоо министрлиги билдирди. Документте аскердик коркунучтарга жана коопсуздукка таасирин тийгизе турган жаңы шарттар менен факторлор чагылдырылган. Министрлик тараткан билдирүүдө жаңы доктринада “атайын операцияларды ишке ашырган күчтөрдүн күжүрмөн даярдыгын арттыруу жана алардын башка органдар менен өз ара карым-катышын кеңейтүү” каралганы белгиленген. Аскердик доктринанын […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР Коом жана турмуш

Кара-Сууда жаштар жалгыз бой энеге үй куруп беришти

Ош облусунун Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык айылынын 1996-жылы туулган жаштары жалгыз бой энеге үч бөлмөлүү үй тургузуп беришти. Жалгыз бой эненин эки уулу болсо, анын биринин майыптыгы бар. Үйдүн курулушуна жалпысынан 935 миң сом сарпталган. Курулушка айыл тургундары дагы салымын кошуп, жардамын берди. Муфтият элди кайрымдуулукка үндөөнүн артында мындай демилгелер ишке ашып жатканын кошумчалады.  Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР Кылмыш жана жаза Саясат

Башаламандык уюштурууга шек саналгандар эки айга камалды

Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, кармалган саясатчылардын жана активисттердин бардыгы эки айга камакка алынды. Мындай чечимди Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды. Ага ылайык, кармалгандар Жаза аткаруу кызматынын 21-мекемесинде же Бишкектеги №1 тергөө абагында 20-декабрга чейин камакта болот. Ал эми Азимбек Бекназаровдун камактагы мөөнөтү 23-декабрга чейин деп белгиленди. Жалпысынан 20 кишинин бөгөт чарасы аныкталып, чечим […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Президент Мадумаров менен болгон мамилеси тууралуу үн катты

Президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине маек куруп, Кемпир-Абаддын айланасындагы акыркы кырдаалдар тууралуу комментарий берди. Анын ичинде депутат Адахан Мадумаров менен болгон мамилесине токтолду. Өлкө башчысы Кемпир-Абад маселеси азыркыдай коомчулукка кеңири чыга электе бир катар депутаттарды, анын ичинде Адахан Мадумаровду да өкмөт үйүнө чакырып, аталган маселени түшүндүрүп бергенин айтты. ”Жарым жыл мурда өзүн үйүмө конокко […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Президент камакка алынган активист, саясатчылар тууралуу комментарий берди

Президент Садыр Жапаров камалган саясатчы, активисттер тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде комментарий берди. Мамлекет башчысы кармалгандарды “Кемпир-Абад” маселеси кызыктырбайт, ал жөн эле шылтоо болуп жатканын белгиледи. Айтымында,  камалгандардын көпчүлүгү менен буга чейин да жекеме-жеке диалог кылганда көпчүлүгү кызмат сураган. “Мамлекеттик кызмат чоё бергидей резина эмес да. Баарына жетпейт экен. Ар кандай кызмат орундарын ачып, […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Анжелика Алга Кылычевди сотко берип, 10 млн сом талап кылууда

Ырчы Анжелика экс-президент Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Алга Кылычевди сотко берди. Бул тууралуу ырчынын жактоочусу Мукаш Байгелдиев билдиргенин Kaktus.media жазды. Маалыматта айтылгандай, ырчы Алга Кылычевди бир жума мурун сотко берген. «Алга Кылычев Анжеликаны Чыңгыз Жумагуловдун “Дөө Чыңгыз” өлүмүнө айтыптаганы үчүн моралдык чыгымды 10 миллион сом деп бааладык. Мындан тышкары, үч кызын үч башка адамдан төрөдү деп […]Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Санарип министрлиги интернет жакшы иштебей жатканынын себебин түшүндүрдү

Магистралдык линиялардын биринде авария болуп, интернет жакшы иштебей жатат. Бул тууралуу санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.  “Учурда интернет байланышын калыбына келтирүү боюнча жумуштар аткарылууда. Жакын арада интернет толук калыбына келет. Мындан сырткары, резервдик каналдар аркылуу байланыш берилүүдө”, – деп айтылат маалыматта. “Акнет” интернет-провайдери техникалык көйгөйлөрдөн улам интернеттин ылдамдыгынын төмөндөшүнө же жеткиликсиздигине алып келиши мүмкүн экенин билдирди.Кененирээк

Акыркы кабарлар Баардык ЖАҢЫЛЫКТАР

Экс-депутат Канат Исаев бир айга камалды

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Канат Исаев УКМКнын Тергөө изоляторуна 23-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунан билдиришти.  Маалыматта айтылгандай, соттун чечими менен УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын тергөөчүсүнүн арызына ылайык, Канат Исаевге карата мурда тандалган баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Исаев кайсы ишке шектелип жатканы тууралуу азырынча толук маалымат жок. Белгилесек, 23-октябрда бир канча […]Кененирээк